Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Адам укуктарына арналган өнөктүк Баткенден башталды


Кыргызстанда адам укуктарына арналган 16 күндүк өнөктүк "Зомбулукту токтот, коркпо, жаша!" деген ураан менен башталды. Баткендеги өнөктүккө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, лидер аялдар менен жолугушту.

Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 10-декабрда, Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов буга чейинки жыйында Кыргызстанда үй-бүлөлүк жана кыз-келиндерге карата зомбулук маселеси оор экенин билдирген. Анын маалыматы боюнча, быйыл алгачкы жети айда 8405 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Өткөн жылы жети айда 6060 окуя болгон. Ички иштер органдары быйыл 7316 убактылуу коргоо ордер берген. Бул 2020-жылдын жети айына салыштырмалуу 1179 көп.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп баратат. 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. 2020-жылы бул көрсөткүч 9000ден ашкан. Статистика көрсөткөндөй алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет.


Жакында эле Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө катары аталды. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте Кыргызстан 97-орунга түштү. Аялдар үчүн өтө кооптуу өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак бар. (JsA/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG