Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Казакстандык акын, диссидент Арон Атабек дүйнө салды


Арон Едигеев
Арон Едигеев

Алматыда 68 жаш курагында акын, диссидент Арон Едигеев дүйнө салды. Маалыматты "Азаттыктын" казак кызматына маркумдун бир тууганы Разия Нутышева башыктады. Атабек деген адабий ысымы менен белгилүү акын 23-ноябрда шаардык ооруканалардын биринде көз жумду. Ал коронавирус инфекциясы өтүшүп кеткенден кийин 20-октябрда реанимацияга жаткырылган. Кийин комага түшүп, жасалма дем алдыруучу жабдыкка туташтырылган.

Өмүрүнүн акыркы 15 жылын Атабек түрмөдө өткөргөн. Ага 2007-жылы полициянын өлүмү менен аяктаган нааразылык акциясын уюштурган деп айып тагылып, 18 жылга кесилген. Атабек күнөөсү жоктугун айтып келди. 2012-жылы айыпты моюнга алып, бийликтен ырайым суроо сунушунан баш тарткан.

Быйыл 1-октябрда "саламаттыгына байланыштуу" деген аныктама менен абактан бошотулган.

Маркум түрмөдө аны сабап, кыйнап, начар шартта кармашканын айтып келген. Атабек аны "өлсүн" деп кое беришкенин айтканы бар.

Укук коргоочу уюмдар акынды саясий туткун деп таанышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG