Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:26

Гросси: Ирандагы сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктады


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэл Гросси жана Ирандын Атомдук энергия уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами. Тегеран, 23-ноябрь, 2021-жыл
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэл Гросси жана Ирандын Атомдук энергия уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами. Тегеран, 23-ноябрь, 2021-жыл

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэл Гросси Ирандын ядролук программасынын айланасындагы Тегеран сүйлөшүүсү жемишсиз аяктаганын билдирди.

Дипломат Иранды Караж станциясынын центрифугалардын тетиктери жасалган цехинде агенттиктин камераларын кайра орнотууга көндүрүү үчүн өлкөнүн Атомдук энергия уюмунун жетекчиси жана тышкы иштер министри менен кездешти. Ислам жумурияты камералар саботаждын натыйжасында иштебей калганын айтууда.

Иран эл аралык инспекторлорго 2015-жылкы келишимде көрсөтүлгөн чукул текшерүүлөрдү жүргүзүүгө быйыл тыюу салган.

Гросси 24-ноябрда билдиргенине караганда, Караждагы камераларга тиешелүү чечим кабыл алынган жок.

Ал эми Фарс кабар агенттиги жазганына караганда, Ирандын Атомдук энергия уюмунун басма сөз катчысы Бехруз Камалванди расмий өкүлдөр менен Гросси ортосундагы сүйлөшүүлөр “конструктивдүү маанайда” өткөнүн, тараптар “кызыктырган маселелерди чечүүнүн жолдору тууралуу жалпы келишимге” жетишкенин билдирди.

Эмки жумада Вена шаарында Тегеран менен дүйнөлүк державалардын сөз болгон документти жандандыруу багытындагы сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы өтмөкчү.

2015-жылы Иран менен Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн атомдук программасын чектемек. Бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялар бара-бара алынмак.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кетип, санкциялар калыбына келе баштаган. Ошондон кийин Ислам жумурияты документтеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден Иран шарттарга баш ийсе, документке кайтууга кызыкдар экенин билдирген.

Батыш Иран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтып келсе, Тегеран бийлиги программасы тынчтык максаттарын гана көздөрүн билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG