Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

HRW: Беларус-Польша чек арасында мигранттардын укугу бузулууда


Беларус менен Польшанын чек арасы. 23-ноябрь, 2021-жыл
Беларус менен Польшанын чек арасы. 23-ноябрь, 2021-жыл

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Беларус менен Польшанын чек арасындагы тирешүү мигранттардын укуктарынын одоно бузулушуна алып келгенин билдирди. 24-ноябрда жарыяланган докладда Нью-Йоркто жайгашкан уюм чек арада камалып калган адамдарга шилтеме менен жазгандай, поляк аскерлери аларды айрым учурда “катуу күч колдонуп артка, Беларуска сүрүшкөн”.

“Беларус тарапта зомбулук, адамгерчиликсиз, кемсинткен мамиле тууралуу кабарлар кадыресе көрүнүшкө айланды”, - деп белгиледи уюм.

HRW уюмунун маалыматына караганда, августтан бери миңдеген киши, негизинен Сирия, Ирак жана Йемендин жарандары Минскиге Жакынкы Чыгыштагы туристтик агенттиктер аркылуу учуп келишкен.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Лидия Галлдын айтымында, “Беларус оор кесепеттерин ойлобой туруп ушундай кырдаалды түзгөнү менен Польша чек ара аймагындагы азап чегүүлөр үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшөт”.

Уюмдун өкүлдөрү октябрда эки өлкөгө барып, 19 мигрантты сөзгө тартышкан. Кризис башталгандан бери чек арада кеминде 13 келгин каза болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG