Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Президент Жапаров Бишкектеги жаңы конуштардын тургундары менен жолукту


Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга келген тургундар. 22-ноябрь, 2021-жыл. Бишкек.
Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга келген тургундар. 22-ноябрь, 2021-жыл. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров 22-ноябрда кызыл китеби жок жер тилке ээлери менен жолугушту. Ага миңдей адам келген.

Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, Ак-Ордо-3 конушундагы жолугушууда Жапаров 2022-жылдын 1-майына чейин 11 миңден ашык түтүнгө кызыл китеп берилерин, Кыргызстанда документи жок үй болбош керектигин маалымдады. Жаңы конуштун тургундары кызыл китептен тышкары социалдык объекти, коомдук транспорт көйгөйлөрүн айтып, Жапаров 15 жылдан бери чогулган маселелер 1-2 жылда чечилерин убада берди.

Буга чейин Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулардын жер тилкелери мыйзамдаштырылары белгилүү болгон. Бул тууралуу тийиштүү мекемелерге тапшырма берилгенин президент Садыр Жапаров 15-ноябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда айткан.

Ошондой эле ЖЭБ-2нин жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүү тапшырылганы айтылып, Сокулук районунун администрациясына тийиштүү документтерди топтоону тапшырган.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2005-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Президент жаңы конуштардын тилкелерин трансформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келгенин айтып, ошону менен бирге мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбойт деп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG