Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Октябрь райондук милиция башчысынын орун басары үй камагына чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө боюнча орун басары Бегайым Турапова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Турапова 18-ноябрда Аскер прокуратурасы тарабынан "алдамчылыкка" шектелип жаткан Асыл Талиповага байланыштуу иштин алкагында кармалган.

Ушул эле иш боюнча буга чейин анын жетекчиси, Октябрь райондук милициясын башкарып келген Уланбек Аалиев жана эки тергөөчүсү кармалган. Алар “Талипованы кыйноого алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара талап кылган” деп айыпталууда.

Аалиевдин тарапташтары ага жалган жалаа жабылып жатканын айтып 29-октябрда Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар менен кошо бул акцияга Талиповага ири суммада акчасын алдырганын айткандар да чыгышкан.

Алар Аалиевдин тушунда Талиповага иш козголуп, өзү камакка алынганын, бирок кийин ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө боюнча башкы башкармалыгы өзүнө алгандан кийин Талипова үй камагына чыгарылганын, ал эми “акчасын сурап барган 23 кишинин экөөнү “акча опузалап жатат” деп камап коюшканын “Азаттыкка” айтып беришкен.

Талипованын адвокаты Канат Хасанов аны бошотууну талап кылып Бишкек милициясынын алдында акция өткөргөн жана алты баланын энеси эч негизсиз кармалып турганын билдирген. Эртеси күнү ал аял үй камагына чыгарылган, ал эми аны камагандар камакка алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG