Акын Зулайка Мурзатаева 70 жашында оорудан көз жумду. Бул тууралуу анын санаалаштары кабарлашты. Ал буга чейин кант диабетинен жабыркап келген. Токтогулда жашап, агартуу жаатында эмгектенчү.
Зулайка Мурзатаева Токтогул районунун Чоң-Арык айылында 1951-жылы туулган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте кыргыз тили, адабият мугалими, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенип келген.
Мурзатаеванын 1991-жылы «Жалбыз жыты» аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. Бир катар ырларына обон жазылган. Ал билим берүүдөгү эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы», «Методист-мугалим» наамдары менен сыйланган. 1998-жылы Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Маркумдун сөөгү 22-ноябрда Торкен айылына коюлат. (MZh)
Facebook шеринеси