Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Талапкер Кыянбек Сатыбалдиевдин дипломуна байланыштуу иликтөө жүрүүдө


Кыянбек Сатыбалдиев
Кыянбек Сатыбалдиев

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кыянбек Сатыбалдиев жасалма диплом алган деп шек саналууда. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) анын үстүнөн Жазык кодексинин "Документтерди жасалмалоо" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачты. Бул тууралуу 19-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында атайын кызматтын тергөөчүсү билдирди.

Маалыматка караганда, ал колдонуп жүргөн диплом Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан анын бир тууганы Кыялбек Сатыбалдиевдин атына берилген.

Кыянбек Сатыбалдиев 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан тизмеси менен талапкер болуп барууда. Ал БШКнын жыйынына катышып, документте анын ысымы техникалык ката менен жазылганын билдирди. 1996-жылы окууга тапшыргандагы документтерин көрсөтүп, дипломундагы катаны оңдотуу аракетинде экенин белгиледи жана дипломго байланыштуу жагдайдын саясий өңүтү бар экенин айтты.

Боршайком мүчөлөрү бул маселени тергөө жана соттук териширүү амалдары аяктагандан кийин кароо чечимин кабыл алды.

Кыянбек Сатыбалдиев мурда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. 2020-жылы өтүп, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде шайлоого катышкан.

Мурдараак УКМК Социал демократтар партиясынан депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековдун да диплому жасалма экенин билдирип, бул иш да БШКда тергөө жана сотаяктагандан кийин карала турган болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG