Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

БШК беш талапкерди партиялардын тизмесинен чыгарды


БШКнын имараты.
БШКнын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы беш кишини Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тизмесинен өздөрү жазган арыздын негизинде чыгарды. БШК буга байланыштуу маселени бүгүн, 21-ноябрда карады. Ага ылайык, талапкерлер Элмира Урмамбетова "Жашылдар", Абдыкадыр Султанбаев "Мекенчил эл", Гүлнара Султанбаева "Аруузат", Бакытбек Байбек уулу "Багыт", Чынара Мамажакыпова "Ыйман Нуру" партиясынын тизмесинен чыгарылды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот. Парламенттеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланып келет.

Шайлоодо 21 партия ат салышууда, ал эми бир мандаттуу округдардан катталган айрым талапкерлер баш тартып, учурда 290дон ашыгы калды.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG