Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

БШК талапкерлердин шайлоо фонду тууралуу маалымат берди


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрда боло турган саясий жарышта бир мандаттуу округдардан ат салышып жаткан талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо боюнча маалымат берди.

БШКнын 20-ноябрдагы маалыматы боюнча, талапкерлердин фондуна 357 млн. 576 миң 659 сом түштү. Анын 219 млн. 653 миң 970 сому сарпталган.

Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар жана анын сарпталышы боюнча №34 Жети-Өгүз шайлоо окуругу биринчи орунда турат. Бул округдагы талапкерлердин фондуна 30 млн. 986 миң 597 сом келип түшсө, анын 17 млн. 345 миң 105 сому коротулган. Боршайком ар бир талапкер короткон каражат боюнча маалыматты өзүнүн расмий сайтына жарыялады. Фонддогу каражаттын көлөмү боюнча кийинки орунда №32 Кочкор шайлоо округу турат (22 млн. 695 миң 637 сом түшүп, анын 15 млн. 725 миң 415и коротулган). Үчүнчү орунда №25 Аламүдүн шайлоо округу (21 млн. 193 миң 437 сом, коротулганы 11 млн. 848 миң 879 сом).

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот. Парламенттеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланып келет.

Шайлоодо 21 партия ат салышууда, ал эми бир мандаттуу округдардан катталган айрым талапкерлер баш тартып, учурда 300гө жакыны калды.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG