Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:13

Германия кара куурайды колдонууну мыйзамдаштырышы мүмкүн


Германия марихуананы мыйзамдаштырышы мүмкүн. Бул тууралуу азыр жаңы өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Бундестагдагы үч партия өз ара макулдашканын Politico басылмасы жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип, жазып чыкты.

Социал-демократтар, "Жашылдар" жана Германиянын эркин демократиялык партиясы колдонууну мыйзамдаштырып, аны атайын дүкөндөрдө чоңдор үчүн марихуана сатууга уруксат берүүгө макул болушту. Марихуананы сатуу укугу үчүн лицензия берилип, аны алуунун шарттары жана сапат кепилдиктери көзөмөлдөнөрү көрсөтүлдү.

Ошондой эле аны жашы жете электерге сатууга тыюу салынат. Марихуананы өндүрүп алуу үчүн кара куурай өстүрүү да мыйзамдаштырылабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Азыркы учурда Германияда “кара куурай” же “каннабис” деген ат менен белгилүү бул өсүмдүк медициналык максатта колдонуу үчүн мыйзамдаштырылган. Бундестагдагы "Жашылдар" жана Германиянын эркин демократиялык партиясы марихуана рыногун мамлекеттик көзөмөл аркылуу толук мыйзамдаштырууну көптөн бери жактап келишет.

Министрлер кабинетин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр Бундестагга болгон парламенттик шайлоодон кийин эле башталган. Анда Социал-демократтар эң көп добуш алган. "Жашылдар" жана Германиянын эркин демократиялык партиясы менен бирге алар парламенттик көпчүлүктү түздү. Ал эми Христиан-демократтар партиясы узак мезгилден бери алгачкы жолу оппозицияда калды.

Бирок, жаңы өкмөттү курай турган бул үч партиянын ортосунда бир топ орчундуу маселелер боюнча пикир келишпестиктер чыккан. Ошондон улам, коалициялык макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр кеминде бир нече жумага созулушу мүмкүн. Германияда жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин канцлер Ангела Меркелдин министрлер кабинети бийликте болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG