Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Талас: Вице-спикер шайлоого аралашканы тууралуу арыз териштириле баштады


Талас.
Талас.

Таласта шаардык кеңештин вице-спикери шайлоого аралашканы тууралуу арыз териштириле баштаганын 19-ноябрда “Азаттык” радиосуна облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына №21 Талас шайлоо округунан талапкер Бактыбек Чойбековдун үгүт иштерине шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Азиз Курамаев катышканы тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам чара көрүү тобу 18-ноябрда жарыялаган. М.Калмырзаев аттуу жаран Боршайкомго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана прокуратурага арызданып, Чойбеков 30-октябрда Талас районунун Көк-Ой айылында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп жаткан жерде Курамаев да жүргөнүн жана ал талапкерге үгүттөгөнүн билдирген. Вице-спикерлик кызмат саясий муниципалдык кызматтар тизмесине кирери, шайлоо мыйзамынын талаптары боюнча ал үгүткө катышууга укугу жок экени айтылган.

"Азаттык" радиосу Азиз Курамаевдин өзүнө байланышканда ал жолугушууга үгүтчү эмес, катардагы жаран катары барганын айтып, "Кыргызстандын жараны катары барып, өзүмдүн оюмду билдиргем. Мен ал жерден бирөөнү үндөгөн эмесмин, кеңештин атынан же вице-спикердин атынан сүйлөгөн эмесмин. Экинчиден, ал күн жумуш күнү эмес, ишемби болчу", – деп билдирди.

19-ноябрга карата БШКга мыйзам бузулган учурлар тууралуу 100гө жакын арыз түшкөнү, алардын көбү шайлоочулардын добушун сатып алууга байланыштуу экени, үгүт эрежеси бузулганы, административдик ресурс жана жалган документтер колдонулганы тууралуу арыз-даттануулар бар экени айтылды.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG