Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Жо Байден менен Си Цзинпин виртуалдык саммит өткөрүштү


АКШнын президенти Жо Байден жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин.
АКШнын президенти Жо Байден жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин.

АКШнын президенти Жо Байден жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпин алгачкы виртуалдык саммит өткөрүшүп, чыңалган мамилелерди жөнгө салууга аракет кылышты.

Ак үйдүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүү учурунда Байден Гонконгдогу жана Тибеттеги демократиялык эркиндиктердин алсыздашын, Кытайдын түндүк-батышындагы уйгурлардын көйгөйүн көтөргөн.

Саммиттин алдында Кытайдын расмий өкүлдөрү негизги талкуу Тайвандын айланасында болору күтүлүп жатканын билдиришкен. Тайван АКШ тарабынан колдоого алынган аралча. Кытай аны өзүнөн бөлүнүп калган провинциясы деп эсептейт.

Байден АКШ дагы деле “Бир Кытай” саясатын колдой турганын, бирок ошол эле учурда Пекиндин Тайванга каршы акыркы аскердик чабуулуна каршы экендигин билдирди.

“Кытайдын жана Кошмо Штаттардын лидерлери катары биз эки өлкөнүн ортосундагы атаандаштык конфликтке айланып кетпешин камсыз кылышыбыз керек”, – деди Байден.

“Орток пикирге келип, Кытай менен АКШ мамилелерин позитивдүү нукка буруп, илгерилетүү үчүн сиз менен иштешүүгө даярмын, президент мырза. Ар бирибиз өзүбүздүн ич ара маселелерибизди чечип, ошол эле учурда эл аралык милдеттенмелерибизди да аткарып, дүйнөдө тынчтыкты орнотууга чогуу иштешибиз керек”, – деди Си Цзинпин.

Эки президенттин сүйлөшүүсү үч саатка созулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG