Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:47

Орусия: зордуктоого шектелген полициянын мурдагы кызматкерлери акталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Екатеринбург шаарынын Ленин райондук соту 22 жаштагы казак жаранын зордуктоого шектелген полициянын мурдагы үч кызматкерин актады. Судья алардын аракетинде кылмыштын белгилерин тапкан жок деп айтылат соттун сайтындагы маалыматта. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги кабарлады.

Тергөөнүн версиясы боюнча 2019-жылы 18-августта Вадим Мустафин, Андрей Бессарабов жана Вячеслав Тропин аттуу тартип коргоочулар казакстандык кызды күчтөп кызматтык машинеге отургузуп зордукташкан. Үчөө тең кийин иштен алынган. Ички иштер министрлиги текшерүүдөн кийин алардын жетекчилери жумуштан алынганын, 14 кызматкерге эскертүү берилгенин билдирген.

Былтыр июлда райондук сот Мустафинди алты жарым жылга, Тропин менен Бессарабовду алты жылдан колонияга кескен. Бирок ошол эле жылдын декабрында Свердлов облустук соту өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Айыпталгандар сот залынан коё берилген жана алар айрым чектөөлөргө кабылган.

Облустук соттун чечиминин себептери айтылган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG