Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Балыкчы-Каракол жолунун курулушунун биринчи этабы 90% аяктады


Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушу.
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушу.

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолунун алгачкы 25 чакырымын куруу боюнча иштер 90% бүткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 14-ноябрда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, азыр көпүрө, түтүктөр курулууда. Курулуштун жүрүшүн Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көрүп чыкты.

Дээрлик жарым кылымдан бери оңдолбой келген жолдун жалпы узундугу 144 чакырым. Төрт тилкелүү, ортосуна тосмо коюла турган, президент Садыр Жапаровдун демилгеси боюнча, “Кумтөрдүн” акчасына курулары айтылган жолдун жаңылоо иштери быйыл августта башталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG