Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:21

ЕАЭБ өлкөлөрүнө бодо мал жана товарларды уруксатсыз ташыгандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы 405 баш бодо малды жана башка товарларды уруксатсыз алып кирүү аракетин токтотту.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, чек аранын кыргыз-казак участогундагы товарларды каттоо пункттарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден бир катар товарларды ташып келүүдө мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

“Ак-Тилек” каттоо пунктунан 405 баш бодо малды, 95 баш жылкыны, 240 метр куб жыгачты ташып келе жаткан жүк ташуучу машиналар кармалган. “Чалдыбар” товарларды каттоо пунктунан 3 тонна кургатылган мөмө-жемиш, 3 тонна бадыраң жана 80 метр куб жыгачты, “Ак-Жол” товарларды каттоо пунктунан 3 даана медициналык жабдууларды алып өтүүгө аракет кылышкан.

Аларда товарларды ташып келүүгө уруксат документтери жок болгон. Мыйзам бузуу боюнча материалдар мыйзамга ылайык мындан ары чара көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Евразия Экономикалык Биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин, 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Соңку жылдары Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер коомчулукта жана парламентте байма-бай айтылып келет. Айрым эл өкүлдөрү ачык эле биримдиктен чыгып кетүүнү сунуш кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG