Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Ошто тилемчиликке мажбурланган эки өспүрүм мамлекеттин карамагына алынды


Кайырчылыкка мажбурланган өспүрүмдөр.
Кайырчылыкка мажбурланган өспүрүмдөр.

Ош шаарында тамактануучу жайларда тилемчилик кылып жүргөн сегиз жана 11 жаштагы балдар мамлекеттин карамагына алынып, аларды ишке мажбурлаган апасы менен анын курбусунун үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматында өспүрүмдөрдөн энеси күнүнө 1500 сом таап келүүнү талап кылган. Балдар учурда социалдык жактан коргоо кызматына өткөрүлүп берилген.

Аларды тилемчиликке мажбурлаган апасы менен анын курбусунун үстүнөн Жазык кодексинин 181-беренесинин ("Жашы жетелекти коомго каршы аракеттерге тартуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.

Ошто милиция жыл сайын кайырчылык кылган балдарды аныктоо үчүн иш- чарларды өткөрүп турат. Бир жыл мурда шаарда тилемчи жана селсаяк болуп кеткен 52 бала аныкталган.

ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 26,7 пайызы эмгекке тартылган. Айыл жергесинде жашаган балдар шаарда тургандарга караганда көп иштегенге мажбур. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG