Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

COVID-19: Үч бейтап каза болуп, 108 учур жаңы катталды


10-ноябрда Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду. Үчөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2697ге жетти. Акыркы бир суткада 108 киши инфекцияны жугузуп алганы аныкталды. Оору жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Ош шаарында жана Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган эмес.

  • Бишкек - 47;
  • Чүй облусу – 35;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу –9;
  • Баткен облусу - 5.

Былтыркы жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 182 090 адамга жетти.

Ушул тапта ооруканада 552 адам, 797 бейтап үйдөн дарыланып жатат. Бир суткада 118 киши айыгып чыкты.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 823 миңге жакын адам вакцина алды. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

10-ноябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” баракчасында жарандарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды. Жапаров эмдөө вирустун жайылышын басаңдатууга жардам берип жатканын белгилеген.

Ушул тушта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG