Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Студенттер үгүт ишине катышканы үчүн ОшМУнун ректору кызматтан алынды


Кудайберди Кожобеков.
Кудайберди Кожобеков.

Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан алынды.

Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б. Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматынан алынды.

Билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров 9-ноябрдын кечинде шайлоо процессинин ачыктыгын камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга жана мамлекеттик кызматкерлердин ага кийлигишпөөсүнө тийиштүү жасаган билдирүүсүндө белгиледи.

Өкмөт башчы жалпы бюджеттик кызматкерлерге жана жетекчилерге кайрылып, алардын үгүт иштерине катышуусунун зарылчылыгы жоктугун айтты.

“Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер”, - деди.

Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун шайлоону таза өткөрүү тууралуу жарлыгынын так аткарылышын Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын жетекчиси катары талап кыларын билдирди.

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо боюнча жарлыкка кол койгон. Жарлык жарыялангандан он күн өтпөй, шайлоо жараянына аралашканы үчүн Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызмат ордунан четтетилген. Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланган.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоо аралаш система менен өтөт. Жогорку Кеңештеги 90 депутаттык орунга 54 депутат саясий партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG