Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Милиция коомдук жайда аялын сабаган кишинин окуясын териштире баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык милициясы борбор калаадагы соода борборлорунун биринин алдында күйөөсү аялын сабаган делген окуя боюнча тергөөнү баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, факт Кылмыш кодексинин 266-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Буга чейин эркек киши аялды башы менен сүзүп, сабаганы тартылган видео социалдык трамактарга тараган. Окуя 8-ноябрда күндүзгү саат экиге жакын, Бишкектеги соода борборлорунун автоунаа токтотоочу жайында болгонун күбөлөр жазышкан.

Милиция алар жубайлар экенин, учурда териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Коомдук жайда аялына кол көтөрүп, зомбулук көрсөткөн учурлар буга чейин дагы кездешкен.

25-октябрда социалдык тармактарда "Таш Рабат" соода борборунда күйөөсү аялын сабаганы тууралуу видео тарап, талкуу жараткан. Кийин бул боюнча милицияга арыз түшкөнү белгилүү болгон. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, 25-октябрда "Таш Рабат" соода борборунда аялын сабаган Т.А. атуу 27 жаштагы жаран кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенин билдирген.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп. Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат.

Жакында эле Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө катары аталды. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте Кыргызстан 97-орунга түштү. Аялдар үчүн өтө кооптуу өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG