Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Саакашвили түрмөнүн ооруканасына которулду


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.

Грузиянын мурдагы президенти, камактагы Михаил Саакашвили түрмөнүн ооруканасына которулганын 8-ноябрда Жаза аткаруу кызматы билдирди.

Саясатчынын адвокаты жана жеке дарыгери 53 жаштагы Саакашвилинин саламаттыгы күн сайын начарлап баратканын айтып, жеке ооруканага которууну талап кылышкан. Өкмөт бул талапты четке кагып, керек учурда ал түрмөнүн бейтапканасына которуларын билдиришкен.

8-ноябрда эртең менен Саакашвили ачкачылыгын аягына чейин улантарын айткан.

Жаза аткаруу кызматы камактагы саясатчы белгисиз азыктарды жеп, бөтөлкөдөн бир нерсе жутуп жатканын чагылдырган видеону дем алыш күнү жарыялаган. Ошол эле күнү Саакашвили каршылык иретинде витаминдерди жана шире ичүүнү токторун билдирген.

Саакашвили 1-октябрда Грузияга кайтып келери менен камалган жана дароо ачкачылык жарыялаган. Мурдагы президенттин тарапташтары нааразылык акциясын уюштуруп, анын бошотулушун талап кылып келишет.

Грузиянын башында 2004-2013-жылдары турган Саакашвили 2013-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Кийин ал сегиз жылга эки башка иш боюнча эркинен ажыратылган. Мурдагы президент ага тагылган айыптардын баарынын саясий өңүтү бар экенин билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG