Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:12

COVID-19: Австрияда жаңы чектөөлөрдү утурлай вакцинага суроо-талап өстү


Венадагы лаборатория. 30-октябрь, 2020-жыл.
Венадагы лаборатория. 30-октябрь, 2020-жыл.

Дем алыш күндөрү Австриядагы вакцина борборлорунда коронавируска каршы вакцинага болгон суроо-талап кескин жогорулап кетти. Буга өлкөдө илдетти ооздуктоо үчүн кабыл алынган жаңы чаралар себеп. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, вакцина борборлорунда узун кезектер пайда болду. Ишемби күнү эле 10 миңдей киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды.

8-ноябрда тартып Австрияда COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн адамдар ресторандарга, мейманканаларга, чач тарачтарга кире албайт жана коомдук иш-чараларга да катыштырылбайт. Мындай жайларга кирүү үчүн жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн же илдеттен айыкканын күбөлөгөн сертификаттарды көрсөтүшү керек.

Соңку күндөрү Австрияда коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жатат. 6-ноябрда дагы 9943 киши өпкөнү сезгентүүчү бул вирусту жугузуп алганы ырасталды. Акыркы жолу өлкөдө коронавируска кабылгандардын бир күндүк жогорку саны 2020-жылдын ноябрь айында катталган. Анда бир күндө 9586 адамдан илдет аныкталган.

Австриянын өкмөтү жаңы чаралар декабрдын аягындагы "Рождество" майрамына чейин уланарын билдирди. Расмий маалыматка ылайык, 9 миллиондой калкы бар Австрияда пандемия башталгандан бери 884 миңдей киши коронавирусту жугузуп алса, алардын 11,5 миңдейи көз жумду.

Бул аптада Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европа менен Борбор Азияда коронавирус кайра күч алганын эскерткен болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG