Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:46

Макрондун мурдагы жардамчысы үч жылга камалды


Александр Беналла.
Александр Беналла.

Париж соту Франциянын президенти Эммануэль Макрондун мурдагы жардамчысы Александр Беналланы үч жылга камоого өкүм чыгарды. Жазанын бир жылын үй камагында өткөрөт. Мындан сырткары, беш жыл бою мамлекеттик кызматтарда иштей албайт.

Беналла 2018-жылы жайында чырдын чордонунда болгон. Le Monde гезити 1-май күнкү Париждеги демонстрациянын видеосун жарыялаган. Тасмада полиция демонстранттарды кантип кармаганы, коргонуучу кийимдеги эркек кармалган адамдын башынын артына урганы тартылган.

Кийинчерээк ал жаранды урган киши полицияга тиешеси жок Александр Беналла экени ачыкка чыккан.

Макрон 1-майдагы окуяларга комментарий берип, жардамчысынын кылмышы үчүн жоопкерчиликти өзүнө аларын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG