Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:53

ABBA 40 жылдан кийин жаңы альбом менен кайтып келди


ABBA , 1974-жыл
ABBA , 1974-жыл

Даңазалуу ABBA дээрлик 40 жылдан кийин кайра биригип, 5 -ноябрда Voyage («Саякат») деген альбомун тартуулады.

Швециялык топтун акыркы ыр жыйнагы туура 40 жыл мурун, 1981-жылдын ноябрында жарык көргөн. Жаңы альбомго 10 чыгарма кирет.

Агнета Фельтског, Бьорн Ульвеус, Бенни Андерссон жана Анни-Фрид Лингстад 1982-жылы The Visitors деген альбому чыккандан кийин бир жыл өтүп өтпөй ыдырап кеткен. Топ кайра биригиши мүмкүн деген имиштер көп жылдан бери айтылып келип, акыр-аягында ырчылар өткөн сентябрда бир нече жаңы ыр жаздырып, жаңы альбом чыгарышарын билдиришкен.

1972-жылы Стокголмдо негизделген ABBA 1974-жылы Евровидение конкурсун Waterloo деген ыр менен жеңгенден кийин кеңири таанылып, дүйнөнү багындырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG