Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Кыргызстан "Талибан" тобун азырынча тааныбайт


Түркиядан келген гуманитардык жардамга ээ болгон тургун. Кабул шаары. 30-октябрь, 2021-жыл.
Түркиядан келген гуманитардык жардамга ээ болгон тургун. Кабул шаары. 30-октябрь, 2021-жыл.

Кыргызстан Ооганстандагы бийликте турган "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылын расмий тааный элек.

Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков бүгүн, 4-ноябрда Бишкекте Ооганстандагы кырдаал тууралуу талкууда билдирди. Ал өткөн жумаларда бир канча күн Кабулда болгонун айтты.

“Бүгүнкү күндө эл аралык коомчулуктун басымдуу көпчүлүгү сыяктуу эле, биз "Талибан" өкмөтүн таануу маселесин талкуулай элекпиз. Бирок биз Ооганстандагы талибдердин де-факто өкмөтүнүн өкүлдөрү менен диалог жана консультацияларды өткөрүү зарылчылыгын айтып жатабыз. Дүйнөдөгү бардык чыр-чатактар, анын ичинде чоң согуштар сүйлөшүү үстөлүндө гана чечилген. Бүгүн мен Ооганстандын де-факто өкмөтүн өзүнчө калтыруу туура эмес деп эсептейм”,- деди Масадыков.

Масадыков: Кыргызстан "Талибан" кыймылын азырынча тааныбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:33 0:00

Жыйында сөз сүйлөгөн дипломат, мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев Кыргызстандын Ооганстанда этникалык-саясий кызыкчылыгы жок экенин белгилеп, ооган Бадахшанындагы аз сандагы кыргыздардын көйгөйү гуманитардык маселеге жатарын айтты.

Дипломат Кыргызстан үчүн маселе Пакистандагы жана Ооганстандын түндүгүндөгү Кыргызстандан барган кыргыздар экенин белгиледи.

Азырынча дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Октябрь айында Евробиримдик Ооганстандагы гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн 1 миллиард еврого тете каражат бөлө турганын билдирген.

Өткөн аптада АКШ Ооганстандагы каатчылыктан жапа чеккендерге 144 миллион доллардык жардам көрсөтүлө турганын жарыялады. Батыш мамлекеттери оогандыктарга гуманитардык жардам көрсөтүү - талибдердин бийлигин таануу дегенди билдирбей турганын баса белгилеп келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG