Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Мамлекеттик ипотекалык компания 25 миллион сомго батир алат


Ипотекалык программанын алкагында курулган үй. Бишкек. 2019-жыл.
Ипотекалык программанын алкагында курулган үй. Бишкек. 2019-жыл.

Мамлекеттик ипотекалык компания 25 миллион сомго батир сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

Порталда 2010-жылдан кийин салынган турак жайдагы жашоого даяр жана ичин өзү оңдоп алууга боло турган батирлер керек экени айтылган. Мейманкана түрүндө салынган турак жай жарабайт. Тендер эки лот менен өткөрүлөт.

Биринчисинде, Түштүк магистраль, Жаш гвардия бульвары, Жибек Жолу жана 7-Апрель көчөсүндөгү аймактарда жайгашкан турак жайлар керек. Батирдин баасы - 1 чарчы метри 60 миң сомдон ашпашы зарыл. Экинчи лотто Бишкектин четиндеги аймактардан батирлер алынат. Алардын баасы 1 чарчы метри 50 миң сомдон ашпашы керек.

"Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Жаңы турак жай программасына катышкан жарандар "Жеңилдетилген ипотека" 4% менен мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине жана "Жеткиликтүү ипотека" 8% менен башка категориядагы бардык жарандарга берилет.

Мамлекеттик Ипотекалык компания үч жуманын ичинде 318 үй-бүлөгө насыя берди.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Расмий маалыматка ылайык, 2019-жылы 712, ал эми 2020-жылы 474 адам мамлекеттен ипотека алган. Коммерциялык банктарда ипотекалык насыянын үстөгү 17-18% түзөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG