Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Грузияда оппозиция бийликке сөөмөй кезеди


"Бирдиктүү улуттук кыймылдын" лидери Ника Мелия
"Бирдиктүү улуттук кыймылдын" лидери Ника Мелия

Грузияда жергиликтүү шайлоодон утулган оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймылы" мөөнөтсүз каршылык акцияларын жарыялады.

Алар добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарууну жана мурдагы президент Михаил Саакашвилинин боштондугун талап кылып, мөөнөтсүз каршылык акциялары менен көчө жүрүштөрүнө чыгарын билдирди.

Түрмөнүн алдынан башталчу акция өлкөнү түрө кыдырат

Оппозициянын ири масштабдуу акциялары мурдагы президент Михаил Саакашвили отурган Руставидеги түрмөнүн алдында башталып, Батумиде, Кутаисиде жана башка аймактарда өтүп, Тбилисиде улана турганы айтылды.

Грузияда мурдагы президент Михаил Саакашвили негиздеген "Бирдиктүү улуттук кыймыл" оппозициялык партиясы 30-октябрда болуп өткөн жергиликтүү шайлоонун экинчи айлампасын тааныбай турганын билдирди. Буга байланыштуу оппозициялык кыймылга бириккен күчтөр добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу, мөөнөтсүз каршылык акцияларын уюштуруу үчүн биригүүнү макулдашты.

Елена Хоштария, Дроа саясий кыймылынын лидери.
Елена Хоштария, Дроа саясий кыймылынын лидери.

"Иванишвилинин олигархиялык, автократиялык режими өлкөдөгү саясий өнүгүү жана демократиялык алга жылуу жараянын токтотуп салды. Анын жеткен кызыл чеги бурмаланган шайлоо болду. Бийлик партиясы ачык эле добуштарды сатып алуу, күч колдонуу жана административдик ресурсту пайдалануу менен шайлоонун жыйынтыгын бурмалады", - деди Дроа оппозициялык кыймылынын жетекчиси Елена Хоштария.

"Уурдалган добуштарды кайтарабыз"

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча көпчүлүк аймактарда жана беш шаарда башкаруучу партия жеңишке жеткенин жарыялаган. "Бирдиктүү улуттук кыймылдын" лидери Ника Мелия шайлоодо оппозициянын алган добуштары бийлик партиясынын пайдасы үчүн уурдалганын айыптап, бийликтин жеңишин анын жеңилүүсү деп атады:

"Бирдиктүү улуттук кыймылдын" лидери Никанор Мелия.
"Бирдиктүү улуттук кыймылдын" лидери Никанор Мелия.

"Биз азыр узак мөөнөткө созулчу демонстрацияларга жана мөөнөтсүз каршылык жүрүштөрүнө даярданып жатабыз. Ал акциялар биз жеңип, максатыбызга жеткенге чейин улана берет. Ал эми биздин максат кандай? Максат – адилеттикти калыбына келтирүү. Биздин партиянын тарапташтары берип, бирок "Грузин кыялы" партиясы уурдап алган ар бир добушту кайра өзүбүзгө кайтаруу", - деди оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймылдын" лидери Никанор Мелия.

Оппозициялык партиянын ири масштабдагы мөөнөтсүз акциялары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана мурдагы президент Саакашвилини бошотуу талабы менен 2-ноябрда Рустави шаарындагы абактын алдынан башталары айтылды. Андан ары каршылык акциялары өлкөнүн бардык аймагында жайылып, оппозициянын тарапташтары 7-ноябрда Тбилисиде ири митингге чогулары жарыяланды.

"Грузин кыялы": оппозиция чычалабасын

"Грузин кыялы" партиясы оппозиция жеңилүү ызасын көтөрө билүүсү керектигин айтып, калктын калың катмары учурдагы бийликтин саясатын колдогонун жарыялады.

Ираклий Кобахидзе, "Грузин кыялы" башкаруучу партиясынын төрагасы
Ираклий Кобахидзе, "Грузин кыялы" башкаруучу партиясынын төрагасы

"Шайлоонун биринчи турунда эле өткөн 2-октябрда принципиалдуу тандоо жасаган грузин элине рахмат! Анын жыйынтыгы боюнча бардыгы “жок” деп айтуу керек болгон күчкө “жок” деп айтылды. Ошентип, азыр эл кайрадан биздин саясий күчтү колдоду. Биздин ал жеңишти аягына чыгаруу маанилүү болчу. Бүгүн биз аны жасадык", - деген болчу "Грузин кыялы" башкаруучу партиясынын төрагасы Ираклий Кобахидзе.

Грузиянын 20 шаарынын 19унда бийликтин “Грузин кыялы” партиясы утуп, бир эле Цаленжихада гана оппозициялык "Бириккен улуттук кыймылдын" талапкери жеңди. Жергиликтүү кеңештердин 42 округунун 25инде “Грузин кыялынын” талапкерлери алдыга чыкса, 15 округда оппозициянын өкүлдөрү жеңди.

Жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы боюнча беш ири шаарда – Тбилиси, Батуми, Рустави, Поти жана Кутаисиде мэрлер “Грузин кыялы” партиясынан болот.

Тбилисинин мэрин шайлоодо анын талапкери Каха Каладзе 55,5% добуш менен утуп чыкты. Оппозициялык "Бириккен улуттук кыймылдан" ат салышкан Никанор Мелия 44,5% алды.

Бул шайлоодо өз партиясына колдоо көрсөтүү үчүн мекенине кайтып келген Михаил Саакашвили биринчи айлампанын алдында камакка алынган. Европанын бир катары мурдагы жана учурдагы саясатчылары аны бошотууну талап кылып, грузин бийлигине кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG