Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Путин “Чоң жыйырмадан” Sputnik-V вакцинасын таанууга чакырды


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин "Чоң жыйырмага" (G20) кирген өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлерине COVID-19га каршы улуттук эмдөө сертификаттарын өз ара таануу маселесин тез арада чечүүгө чакырды.

Путин бул сунушту 30-октябрда "Чоң жыйырманын" өкүлдөрүнө жолдонгон видео кайрылуусунда айтты. Анда ал Орусиянын Sputnik-V вакцинасы эл аралык деңгээлде таанылбай жатканына нааразылыгын билдирди.

Путин "Чоң жыйырманын" чечимдерине карабастан, муктаж болгон бардык өлкөлөр коронавируска каршы вакциналарга жете албай жатканын билдирди.

Анын айтымында, буга абийирсиз атаандаштык, протекционизм жана кээ бир мамлекеттердин, өзгөчө "Чоң жыйырманын" курамына киргендердин вакциналарды жана эмдөө сертификаттарын өз ара таанууга даяр эместиги себеп.

Путиндин билдирүүсү G20 лидерлери глобалдык эмдөө аракеттерин күчөтүүнү макулдашкан соң орус мамлекеттик телеканалы аркылуу көрсөтүлдү.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Путин сыяктуу эле саммитке өзү катышпай, бирок видеобайланыш аркылуу билдирүү жиберген Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин да вакциналарды өз ара таанууга чакырды.

Sputnik-V жеткиликтүү болгонуна карабастан вирус табылган жаңы учурлар көбөйүп жаткан Орусияда пандемияны токтотуу максатында бир жумалык акы төлөнүүчү дем алыш жарыяланган.

Калктын 32,5 пайызы гана толук эмдөөдөн өткөн Орусияда 30-октябрда 40 251 кишиден коронавирус табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG