Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Кыргызстан Орусиядан аскердик-техника сатып алат


Александр Михеев жана Камчыбек Ташиев.
Александр Михеев жана Камчыбек Ташиев.

Кыргызстан Орусиянын "Рособоронэкспорт" ишканасынан Ми-17В-5 тик учагын сатып алат. Андан тышкары, Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн "Орлан-10Э" деп аталган учкучсуз аппараттын көп функционалдуу комплекстерин сатып алуу боюнча келишимге да кол коюлду.

30-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "Рособоронэкспорттун" жетекчиси Александр Михеев менен жолугушту. УКМКнын басма сөз кызматы жолугушуу Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болгонун билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ми-8 МТВ тик учактарын оңдоо, аларга тетиктерди жеткирүү жана агрегаттарды түзөтүү боюнча да макулдашылды.

Ташиев менен Михеев Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.

Сатып алууларга каражат бюджеттен сарпталат.

Мурдараак Ташиев Кыргызстан Түркиядан да "Байрактар" дронун алып жатканын билдирген.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG