Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

АКШнын чалгын кызматы коронавирустун булагын аныктай алган жок


Кытай
Кытай

АКШнын чалгын кызматы COVID-19 пандемиясына себеп болгон коронавирустун булагын аныктай алган жок. Бул тууралуу АКШ чалгын кызматынын жума күнкү баяндамасында айтылат.

Айрым талдоочулар вирус адам менен жапайы жаныбар алакасынан улам тараган деген божомол табийгый инфекция версиясына жакындыгын белгилешүүдө.

Кээ бир эксперттер Кытайдын Ухан калаасындагы Вирусология институтунун 2019-жылдын күзүндө пневмония менен ооруган бир канча кызматкери бул вирусту кокусунан жуктуруп алган деп эсептешет.

Эки версия тең олуттуу далилдерге негизделген, Кытайдын керектүү маалыматты берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу вирустун булагын көрсөткөн түз далилдер жарым-жартылай табылган жок.

АКШнын президенти Жо Байдендин көрсөтмөсү боюнча америкалык чалгын кызматтары даярдаган баяндаманын жалпы корутундусу августта жарыяланган. Жашыруун документте мурда белгисиз болгон бир нече реквизиттер бар. Америкалык аналитиктер вирус биологиялык курал катары жаратылган эмес деп эсептешет, көпчүлүк ал генетикалык жактан өзгөртүлгөн эмес деген тыянакка келишкен.

2019-жылдын аягында алгач Уханда аныкталган коронавирус дүйнөгө тарап, учурда жер жүзүндө саны 247 миллионго жакындады. Бул оорудан беш миллиондон ашуун адам көз жумду.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG