Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Президент Жапаров Глазгодо дүйнө лидерлеринин саммитине катышат


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 1-2-ноябрда Британиянын Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына катышат жана дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт. Бул тууралуу Президенттик админстрациядан кабарлашты.

Кыргызстан климат боюнча сүйлөшүүлөргө улуттук милдеттенмесин сунуштаганын БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлаган.

Глазгодо 31-октябрдан 12-ноябрга чейин өтө турган БУУнун конференциясы климат боюнча эң масштабдуу иш-чара болуп саналат.

2015-жылы БУУнун Париж келишимин 195 мамлекет кабыл алган. Ага ылайык, дүйнө өлкөлөрү 2100-жылга карата глобалдык температуранын орточо ысышын эң жогору дегенде индустриалдык доорго чейинкиден же 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн эки градустан ашырбоо үчүн аракеттерди көрүшү керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG