Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Активист Бакай Кашкарбаев кармалды


Бакай Кашкарбаев
Бакай Кашкарбаев

Активист Бакай Кашкарбаев 29-октябрда кармалганы тууралуу "Азаттык" радиосуна анын жакындары билдирди. Маалыматты Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин Жазык 344-беренесиндеги "Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо", 355-беренесиндеги "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу" пункттары, Жоруктар тууралуу кодекстин 119-беренеси - "Майда бейбаштыкка" шек саналууда.

Соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, Кашкарбаев милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.

Кашкарбаев "Элдик көзөмөл" деп аталган кыймылдын башчысы, 2020-жылдагы саясий окуяларда азыркы президент Садыр Жапаровдун жигердүү тарапташы катары таанылган.

29-октябрда президенттик админстрациянын алдында Бишкектеги жаңы конуштардын тургундары чыгып, Кашкарбаевге чара көрүүнү талап кылышкан.

Башкы прокуратура анын социалдык тармактагы баракчасына бийлик өкүлүн коркутканы же ага карата зомбулук көрсөткөнү чагылдырылган видеотасмалар жарыяланганы үчүн январда кылмыш иши козголгону кабарлаган. Кийинчерээк айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрине коомдук кеңешчи болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG