Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:18

"Өзүңдүн баталуу саймаңды чогулт" деген онлайн оюн жасалды


"Өзүңдүн баталуу саймаңды чогулт" оюнундагы саймалар.
"Өзүңдүн баталуу саймаңды чогулт" оюнундагы саймалар.

Кыргыздардын улуттук кол өнөрчүлүгүн заманбап ыкмада жайылтууну көздөгөн "Өзүңдүн баталуу саймаңды чогулт" деген онлайн оюн иштелип чыкты.

Салттуу баалуулуктарга, энелердин батасына негизделген бул оюн ар бир адамга колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн жайылтууну көздөйт. Аны “Айкын багыт” коомдук фонду Gonzo Design студиясы менен биргеликте жасаган.

Оюн онлайн түзүлүш ыкмасында жасалган. Адам ал жерде баталар камтылган каалаган багытты тандайт. Темалар каада-салттарга, энелердин аңгемелерине жана улуттук баалуулуктарга багытталган. Колдонуучу өзү тандап алган уникалдуу "саймалуу бата" смартфондун экранында көрүнүп турат.

Кыргыз, орус жана англис тилиндеги оюнду жасоого бир катар чет элдик адистер тартылган.

Кыз-келиндердин укуктарын коргоо менен алектенип келе жаткан “Айкын багыт” коомдук фонду буга чейин ала качуудан коргонууну үйрөткөн оюн иштеп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG