Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

IRI: Кыргызстандыктар эң негизги көйгөй катары баалардын өсүшүн атады


Бишкектеги базарлардын бири.
Бишкектеги базарлардын бири.

Кыргызстандыктарды эң олуттуу көйгөй катары жашоо деңгээли, баалардын өсүшү ойлондурат. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институту (IRI) 11-26-сентябрь күндөрү жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында белгилүү болду.

Сурамжылоого катышкандардын 61% жашоо деңгээли жана баалардын өсүшүн эң башкы көйгөй катары атаган. Аталган институттун 21-февралдан 5-мартка чейин жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен. Бул жолу жумушсуздук көйгөйү экинчи орунга (51%) түшкөн.

Кыргызстандыктар андан кийинки негизги көйгөй катары коррупция, миграция, билим берүү, коронавирус, экономика-жакырчылык, социалдык кызматтар, жөлөк пул-пенсиялар жана саламаттык сактоону аташкан. Сурамжылоого катышкандардын 1% көйгөй жок деп жооп берген.

Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу май, курулуш материалдары ж.б товарларга болгон баа кескин өстү. Октябрь айында күндүн кескин сууп кетиши көмүр тартыштыгын жаратып, анын баасы да өскөнү байкалды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG