Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку сотко кайрылат


Талант Мамытов
Талант Мамытов

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун парламент төрагасы Талант Мамытов боюнча чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов "Азаттыкка" билдирди.

Эске салсак, 28-октябрда Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечимин жокко чыгарган.

24-октябрда боршайком Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан кетпегендигине байланыштуу талапкер катары каттаган эмес.

2021-жылы кабыл алынган Шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы "Азаттыкка" парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.

“Ынтымак” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими "өтө шашылыш, кворум жоктугуна карабай жана процессуалдык талаптар сакталбастан, "Ынтымак" партиясынын өкүлүсүз кабыл алынганын билдирип, Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG