Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:51

Парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды


БШК.
БШК.

Бүгүн, 29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланып, шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялардын жана бир мандаттуу округдардан катышкан талапкерлердин бюллетендеги ордун аныктоо үчүн чүчү кулак 30-октябрда кармалат.

Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54ү партиялык ачык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өткөн. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын митинги башаламандыкка айланып, бийликтин алмашуусу менен аяктаган.

Президент Садыр Жапаров 22-октябрда жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, "Кыргызстанда шайлоону дүйнө таң калгыдай кылып таза өткөрүүгө" чакырган. Жогорку Кеңешке шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан жоопкерчиликке да тартылат деп убада берген.

Лейлектин акими шайлоого аралашканы үчүн кызматтан четтетилген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG