Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Президенттик администрациянын реформа бөлүмүн Аскар Бешимов жетектейт


Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов Президенттик администрациянын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары, ошол эле учурда реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу Бешимов өзү “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 25-октябрда кол койгон.

Президенттик администрация бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Аскар Бешимов 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого “Улуттар биримдиги” партиясынын тизмеси менен бара жаткан. Ал "Фейсбуктагы" билдиүүсүндө мамлекеттик кызматта иштөө сунушун кабыл алгандыктан шайлоого баруудан өз эрки менен баш тартканын ырастады. Бешимов мамлекеттик кызматта иштеп, дипломатия тармагында иштеп топтогон тажрыйбасы менен бөлүшүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

БШК Бешимовду өз арызынын негизинде “Улуттар биримдиги” партиясынын тизмесинен 27-октябрда чыгарган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG