Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:14

Ысык-Көлдө дайынсыз болгон кыздын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-октябрда Тоң районунун Тоң айылындагы Кекилик пляжындагы бастырмада асылып турган кыздын сөөгү табылганы тууралуу райондук милицияга кабар түшкөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынын инспектору Нурбек Токтосунов билдирди.

26-октябрда жергиликтүү тургун 19 жаштагы кызы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айтып милицияга кайрылган.

Милициянын ыкчам тобу асылып турган сөөк жоголгон кыздыкы экенин аныктаган. Баштапкы маалыматтарга караганда, анын моюнундагы жиптин тагынан башка зомбулуктун белгилери жок.

Сөөк аймактагы өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

27-октябрда Бишкекте 22 жаштагы жигит сегизинчи кабаттан секирип каза тапты.

Өткөн аптада Ошто үч балалуу асынып калган келиндин сөөгү табылган.

Суицид боюнча Борбор Азияда Казакстан биринчи орунда, андан соң Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жылына 700 миң адам жашоодон аша кечээрин, суицидден ВИЧ, безгек, эмчек рагы сыяктуу илдеттерден да көп киши көз жумарын маалымдады. Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнүн адистер айтышууда.(KS/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG