Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Маалыматтарды ыкчам табууга мүмкүнчүлүк берген сайт ачылды


 Болот Темиров teskep.com сайтынын негиздөөчүсү.
Болот Темиров teskep.com сайтынын негиздөөчүсү.

Журналист Болот Темиров өзүнүн командасы менен маалыматтарды ыкчам чогултууга шарт түзгөн teskep.com деп аталган сайт түздү. Андан каалоочулар 148 миң ишкана, 3,5 миллион кыргызстандык жаран тууралуу маалымат ала алышат. Бул тууралуу сайттын негиздөөчүсү Болот Темиров “Азаттыкка” билдирди.

“Мурунку убакта биз иликтөө жүргүзүү үчүн маалымат издегенде бир ишкана же адам үчүн маалымат чогултууга 2-3 саат коротот элек. Программисттер менен сүйлөшүп, түрдүү булактардан маалыматтарды чогултуп берүүчү өзүнчө программа түздүк. Сайт аркылуу Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн 148 миң фирма, шайлоого добуш берүүчү катары катталган 3,5 миллион кыргызстандык жаран тууралуу маалымат алууга болот”.

Болот Темиров азырынча сайт маалыматтарды 20 булактан чогултуп берерин, келечекте булактардын саны дагы көбөйөрүн кошумчалады.

Сайт аркылуу маалыматтарды алуу 2-3 айга чейин акысыз. Андан кийин издөөчүлөрдүн категориясына жараша акы алынмакчы.

Журналист Болот Темиров Кыргызстандагы FactCheck.kg cайтынын башкы редактору болуп иштеген. "Temirov LIVE" каналын негиздеген. Анын долбоорлору аркылуу Кыргызстандагы ири журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG