Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Баткен: Чек ара окуясында жабыркагандардын жөлөкпулу боюнча сунуш жактырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде, быйыл жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда каза болгондордун жана жараат алгандардын үй-бүлөсүнө кошумча социалдык жардам тууралуу мыйзам долбоору парламентте үч окууда кабыл алынды. Бул маселе Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы отурумунда каралганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Аларга социалдык кепилдик өлкөнүн түштүк аймагында 2010-жылдын жазында жабыркагандарга жардам берүү тууралуу мыйзамдын алкагында берилет деп аныкталды.

Мыйзамга сунушталып жаткан кошумчалар кабыл алынып, ишке кирсе, каза болгондордун 18ге чыга элек балдарына, пенсиядагы ата-энесине (эгер жалгыз баласы болсо) жана окуядан кийин майып болуп калгандарга ай сайын 3 700 сомдон жөлөкпул төлөнүп берилип турат.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG