Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Депутат Райымкулов Матраимовду коргоду


Бактыбек Райымкулов.
Бактыбек Райымкулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция үчүн соттолгон Райымбек Матраимовду коргоп чыкты, аны "командага кошо турган учур келди" деп билдирди.

13-октябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы талкууланып жатканда ал бийликке сын айткандарды “бөлөк мамлекеттин кызыкчылыгын коргогондор” деп атады жана аларга карата чара көрүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевден суранды.

"Биздин кыргыздын мыкты жигиттерин каралап келишет. Мисалы, Райым Матраимовго окшогон. Андан көрө ошондой мыкты инсандарды командага кошуп иштете турган учур келди", -деди Райымкулов.

Райымкулов коррупцияга каршы күрөш маселесин көтөргөн депутат Дастан Бекешевди “туура эмес сүйлөдү” деп сындап, бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзамды дагы күчөтүш керек деп айтты.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Бекешев менен Ташиевдин ортосунда Матраимовго байланыштуу кайым айтышуу болгон.

УКМК Матраимовду бажыдагы коррупцияга күнөөлөп кармап, кийин бошоткон. Ал өзү күнөөсүн моюнуна алган. Сот да күнөөлүү деп таап, акчалай айыпка жыккан.

Жакында Матраимов конок катары катышкан тойлордун бирине Ташиев да барганы интернетте кызуу талкууланып, “Коррупцияга каршы мекеменин башчысы ири коррупционер экенин моюнуна алган адам менен бир иш-чарада жүргөнү канчалык туура?” деген суроолор коюлган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG