Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:57

Сары-Челек коругун кайтарууга милиция кызматкерлери тартылды


Сары-Челек коругу.
Сары-Челек коругу.

Сары-Челекке жаңгак терүү үчүн топ-топ болуп келген элден улам милиция кызматкерлери да корук кайтарууга тартылды. Бул маалыматты коруктун жетекчиси Эрнис Токобаев ырастады. Анын айтымында, коруктагы жаңгак быйыл жакшы түшүм берген. Мындан улам ар тараптан жаңгак терүүгө келгендер корук кызматкерлерин түйшүккө салып жатат. 1-октябрдан тарта ондой милиция кызматкери корукчуларга көмөктөшүп жатат.

60 жыл мурун көлдүн айланасында Сары-Челек коругу уюшулган.

24 миң гектар жерди ээлеген корукта дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн 1000ге жакын, канаттуулардын 157, сүт эмүүчүлөр менен сойлоочу жандыктардын 24 миңден ашык түрү катталган.

2016-жылы Сары-Челек жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Аксы районунун аймагындагы Сары-Челек биосфералык коругунун аянты 24 миң гектарды түзөт. Анын 1600 гектар жери жаңгак багынан турат. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG