Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Акылбек Жапаров: Кумтөрдү өзүбүз иштетебиз


Сүйлөшүүлөр 29-30-сентябрь, 1-октябрда Женевада болду.
Сүйлөшүүлөр 29-30-сентябрь, 1-октябрда Женевада болду.

Министрлер кабинетинин 12-октябрда жаңы дайындалган төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кени тууралуу “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.

“Кумтөрдү бүгүнкү күнгө чейин өзүбүз иштетип келдик, мындан ары дагы өзүбүз иштетебиз. “Центерра” менен сүйлөшүүлөр болду. Алар дагы, биз дагы сүйлөшүү жөнүндө маалыматты чыгарбайбыз деп кол коюп бергенбиз. Сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн. Сүйлөшүүнүн демилгечиси Скотт Перри болду. Алар принципиалдуу түрдө Кыргызстандан кеттик деген чечимин айтты. Бирок силер 26% акцияңарды бизге берсеңер деген ойду дагы айтып жатышат. Биз андай болбойт, дообуз көп дедик. Эң оболу, эки тарап үстөлгө отуруп, бири-бирибизди уктук. Сын-пикир, талаптарды гана айтпастан, бул маселени кандай жолдор менен чечсек болот деген бир топ механизмдерди сүйлөштүк. Кийинки кадамдарды көрө жатаарбыз”.

1-октябрда Женева шаарында Кыргызстандын расмий делегациясы менен "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн биринчи этабы аяктаган.

Ага "Центерра Голд" компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри баштаган топ, ал эми Кыргызстандын атынан ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жетектеген, курамына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Теңгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер кирген делегация катышкан.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарган. 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип жатат.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG