Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди


Азыркы учурда Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт.
Азыркы учурда Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ооганстандын Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилгенин кабарлады.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 7-октябрдан 9-октябрга чейин УКМКнын атайын экспедициялык тобу Кичи жана Чоң Памирде жашаган кыргыздарга Тажикстан аркылуу барып, азык-түлүк жеткирген. Коопсуздукту сактоо максатында өкмөт бекиткен тизме боюнча керектүү жардам Ооганстандын өзүнөн сатып алынган.

Апрель айында президент Садыр Жапаров Памирден Алайга көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушууда, Ооганстанда калган кыргыздарды көчүрүп келүү ниетин билдирген.

Быйыл жай айында Ооганстандагы талибдер өлкөнүн түндүк тарабына жылып, улам бир аймакты басып алып жатканда 350дөй оогандык кыргыздар Кыргызстанга өтүп кетүү максатында Тажикстандын аймагына кире качып, бирок Дүйшөмбү “Кабул кепилдик берди” деп, аларды артка кайтарган эле.

Август айында "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердиги тыюу салынган) Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин Памирдеги кыргыздар да алардын башкаруусуна өткөнү маалым болгон.

Азыркы учурда Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт. 2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келип, аларга үйлөр курула баштады.

2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийин бир нечеси Ооганстанга кайра кайтып кеткен эле.(BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG