Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Майыптыгы бар балдардын мектебин тезинен оңдоо зарылдыгы айтылды


Үч-Коргон айылындагы сөз болуп жаткан мектептин азыркы абалы.
Үч-Коргон айылындагы сөз болуп жаткан мектептин азыркы абалы.

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы майыптыгы бар балдар үчүн иштеп жаткан атайын көмөкчү жатак мектептин спорт залы кулаганы турат. Бул тууралуу Акыйкатчы институту 11-октябрда аталган жайды жеринен барып, көрүп кабарлады.

“Укук кербени” долбоорунун алкагында аймактарды кыдырган топ Үч-Коргондогу жатак мектептин санитардык абалы дурус экенин, тамак-аш мамлекеттик талаптарга жооп берерин аныктап, спорт залы гана кыйроо абалында деген бүтүм чыгарды.

"Дубалдардан жарака кеткен жана шыбактары көчүп, окуучулардын коопсуздугуна жана өмүрүнө ачык коркунуч жаратууда. Учурда спорт залдын бир бөлүгү кампа катары колдонулса, экинчи бөлүгү бош турат. Сууктун түшүшү менен балдар көчөдө, ачык асман алдында дене тарбия менен машыгууну уланта беришсе ооруп калышы ыктымал".

Акыйкатчы институту майыптыгы бар балдар үчүн дене тарбия көнүгүүлөрү өтө маанилүү экенин белгилеп, Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү менен Министрлер кабинетине спорт залды тез арада оңдоону сунуштады.

Өкмөт тараптан ал сунушка кандай жооп берилгени айтыла элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG