Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:41

Индия Кыргызстанга 200 миллион доллар жеңилдетилген насыя берет


Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкарды президент Садыр Жапаров кабыл алды.
Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкарды президент Садыр Жапаров кабыл алды.

Кыргызстандын өкмөтү менен Индиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда эки тараптык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду.

Анын алкагында саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана агроөнөр жай, кайра жаралуучу энергия булактары, соода жана кыргыз экономикасынын башка артыкчылыктуу тармактары боюнча социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ар бирине 1,5 миллион долларга чейин каражат бөлүнөт.

Ошондой эле Индия өкмөтү тарабынан Кыргызстанга 200 миллион доллар жеңилдетилген кредит бөлүп берүү боюнча макулдашууга жетишилгенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

10-октябрда Кыргызстанга сапар менен Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар келген.

Ал президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугуп, эки өлкөнүн алакасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар аймактагы коопсуздукту, Ооганстандагы акыркы кырдаалды талкуулашты. Жайшанкар 11-октябрда Казакстанга барып, андан ары сапарын Арменияда улантат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG