Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Ирак: "Ислам мамлекети" террордук тобунун лидерлеринин бири кармалды


Багдад шаарындагы коопсуздук кызматкерлери. 21-январь, 2021-жыл.
Багдад шаарындагы коопсуздук кызматкерлери. 21-январь, 2021-жыл.

Ирак "Ислам мамлекети" террордук тобунун жок кылынган лидеринин орун басары Сами Жасим кармалганын билдирди. Бул тууралуу Ирактын премьер-министри Мустафа Аль-Казыми 11-октябрда "Твиттер" аркылуу жарыялады.

Анын айтымында, экстремисттик топтун мурдагы лидери Абу Бакр ал-Багдадинин орун басары деп мүнөздөлүп келген Жасимди Ирактын атайын кызматы кармаган. Бирок Ирактын премьер-министри мындан башка маалымат берген жок.

Багдади 2019-жылы Сириянын түндүк-батышында АКШнын атайын күчтөрүнүн рейдинде жок кылынган. Кошмо Штаттар "Ислам мамлекети" террордук тобунун Жасим баштаган башка лидерлери тууралуу маалымат бергендерге сыйлык жарыялаган.

Сириядагы жарандык согуштан жана Ирактагы туруксуз кырдаалдан улам баш көтөргөн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу 2013-2014-жылдардан бери Ирак менен Сириянын бир катар аймактарын басып алып отуруп, "халифат" түзгөнүн жарыялаган. Бул топ үрөй учурган ырайымсыз кылмыштарга барып, миңдеген адамдардын өлүмүнө түздөн-түз себепкер болгон. Бул топко дүйнөнүн булуң-бурчунан, анын ичинде Кыргызстандан да барган жоон топ адам кошулуп кеткен.

Кийинчерээк "Ислам мамлекети" тобунун негизги позициялары талкаланып, согушкерлер Ирактан жана Сириянын көп аймактарынан сүрүп чыгарылган. Бул радикал топтун бутактары Жакынкы Чыгышта жана Ооганстанда дагы деле активдүү экени кабарланып келет.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG