Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Уурулукка шек саналып кармалган жаран камактан качып кетти


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Чүйдүн Ысык-Ата районунда уурулукка шек саналып кармалган 26 жаштагы жаран камактан качып кетти.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 10-октябрда эртең менен саат жетилерде райондук милициянын убактылуу кармоочу жайынан качкан.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын бүт кызматкерлерине маалымат берилип, блок-посттор коюлду.

Шектүү 8-октябрда Аламүдүн районунда кармалып, Ысык-Ата Ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал уурулук кылган деп шек саналып, кармалган болчу. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG