Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышууну каалагандар 200гө чамалады


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдан ат салышууну каалагандардын саны 187 кишиге жетти. Алардын ондон ашууну талапкер болуп катталганын 9-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти. Арыздарды кабыл алуу 13-октябрда кечки саат алтыда аяктайт.

Ошондой эле 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Алардын канчасы каттала турганы азырынча анык эмес.

Шайлоого аттанган партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин такташы жана алар тууралуу тийиштүү маалыматтарды БШКга берүүгө тийиш.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG