Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Опера ырчысы Ирина Деркембаева дүйнө салды


Ирина Деркембаева.
Ирина Деркембаева.

Көрүнүктүү опера ырчысы Ирина Деркембаева 9-октябрда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын эмгек жамааты билдирди.

Деркембаева Кыргыз ССРинин эл артисти, Бурят АССРинин эл артисти, Данакер орденинин кавалери. Бир катар операларда ырдап, көптөгөн образдарды жараткан.

Ирина Деркембаева 1927-жылы 25 -декабрда Орусиянын Иркутск облусунун Үңкүрлик айылында туулган. 1952-жылы Москва консерваториясын аяктап, сахнадагы карьерасын Улан-Удэ музыкалык драма театрында баштаган. 1952-жылдан тартып Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болгон.

1978 -жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда доцент болуп иштеп, көптөгөн опера ырчыларын тарбиялаган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG